Музбурчак

Википедия дан

Музбурчак — каарман, Саякбай Каралаевдин вариантында Бузулган Чамбылды жердеген кыргыз уруу кандарынын бири. Манас Таласка көчүп келгенде атайы келип, манаска чоро болот делет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Тажиктен чыккан Музбурчак» (Сагымбай Орозбаков, 185-инв. 382-б.) делип, кан, баатыр катары аталат. «Жоо жарагы бир кучак, Буудайык кандын Музбурчак» деген туруктуу эпитет менен айтылып, эпостогу белгилүү баатырлардын бири катары сүрөттөлөт. Чоң казатта окко учат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4