Муздаткыч

Википедия дан
Эшиги ачык муздаткычтагы тамак-аштар

Муздаткыч — тамак-аш азыктарын муздатуу, тоңдуруу жана төмөнкү температурада сактоого арналган түзүлүш же аппарат. Муздаткыч төмөнкүдөй принцип менен иштейт. Муздаткычтын атайын ичке түтүгүндө фреон суюктугу айланат. Ал ичке түтүктөн чыкканда тез кеңейип, газга айланат, чөйрөдөгү, башкача айтканда муздаткычтын ичиндеги жылуулукту өзүнө сиңирет, ошондо муздаткычтын ичи муздай баштайт. Газ компрессорго өтөт, ал жерде газ кысылып суюктукка айланат. Бул учурда бөлүнгөн жылуулук муздаткычтын арткы капталын ысытат. Жалпысынан муздаткычтын төмөнкүдөй түрлөрү бар: өндүрүш муздаткычы технологиялык процессти камсыз кылуу үчүн, ошондой эле чала фабрикат жана даяр азыктарды кыска мөөнөткө (10–20 күн) сактайт; даярдоочу муздаткыч сүт, жумуртка жана жемиштерди керектелүүчү жерге жиберүүгө чейин муздатууда жана сактоодо колдонулат;бөлүштүрүүчү муздаткычта өндүрүштүк жана даярдоочу муздаткычтан келген күндөлүк жана мезгилдүү азык запастары сакталат; базистик муздаткычта азык запасы азык-түлүк узак мөөнөткө чейин сакталат, транспорт муздаткычы азыктарды ар түрдүү транспортто төмөнкү температурада ташууда, соода муздаткычы азык-түлүктү соода базарында, дүкөндө, ашканада жана ресторанда кыска мөөнөткө сактоодо колдонулат, тиричилик муздаткычы тез бузулуучу азыктарды жана даяр тамак-ашты үй шартында аз убакытка сактоодо жана аз көлөмдө муз даярдоодо пайдаланылып, атайын муздаткыч баалуу аң терилерин жана жибек пилласын жана башкалар. өнөр жайы тармактарынын сырьёлорун сактоо үчүн колдонулат. Муздаткыч бир жана көп камералуу болот. Муздатылган азыктар –1 ˚С +1˚С, ал эми тоңдурулганы –18˚Сден жогору болбогон температурада сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]