Муздатуу системасы

Википедия дан

Муздатуу системасы – кыймылдаткычты муздатуу үчүн колдонулган тетик жана агрегаттар жыйындысы. Кыймылдаткыч иштегенде күйүүнүн натыйжасында цилиндрдин ичиндеги температура 2000–2800˚Ска чейин жетет. Муздатуу эки түрдө – суюктук жана аба аркылуу жүрөт. Суюктук менен муздатуу учурунда кыймылдаткычтын цилиндри жана анын баш жагы (головкасы), андагы көңдөйдө жайгашкан суюктук менен муздатылат. Ысыган суюктук цилиндр беттери аркылуу өйдө көтөрүлүп, түтүк аркылуу радиаторго келет. Радиатор аркылуу өткөн суюктук желдеткич үйлөгөн аба менен муздап, кайрадан түтүк жана канал менен кыймылдаткычтын көңдөйүнө келет. Бул процесс тынымсыз кайталана берет. Кыймылдаткычтын нормалдуу иштеши үчүн суюктуктун температурасы 85–90˚Сдин тегерегинде болууга тийиш. Муздатуу системасында суюктуктун циркуляция болушун тездетүү үчүн атайын насос колдонулат. Кыймылдаткычтын ысытуу убактысын азайтуу жана суюктуктун температурасын туруктуу кармап турууда термостат колдонулат. Суук болгондо (кышында) муздатуучу суюктук катары тосол жана антифриз пайдаланылат. Көпчүлүк кыймылдаткычтар суюктук аркылуу муздатылат, ал эми аба менен муздатуу негизинен авиацияда жана мотоциклде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]