Музей тануу

Википедия дан
British Museum (Лондон).

Музей тануу - музей уюштуруу маселелерин жанa иш аракетин изилдөөчү илимдин тармагы.

Музей тануу музей ишинин теориясы менен практикасын, музей архитектурасынын негиздерин, аларды жабдуу маселелерин изилдейт.

Музей тануунун негизги милдеттеринин бири музей ишинин (музейлерин жабдуу, сактоо жанa калыбына кедтируу, аларды изилдөө, каталогго түшүрүү жана көрсөтүү) илимий принциптерин түзүү болуп саналат. Музей тануу музей экс­понаттарын көрсөтүү аркылуу саясий жана илимий билимдерди жайылтууга. экскурсиялар, көчмө көргөзмөлөр, консулътациялар уюштурууга. лекциялар окууга, илимий жана илимий популярдык адабияттарды (музейдин эмгектери. ката­логдор, жол көрсөткүчтөр. альбомдор ж. б.) бастырып чыгарууга зор көңүл бурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.