2. Түндөрдү ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн (уйкуга бөл),
3. жарымын, же андан да бир аз кемит ,
4. ага кошуп кырааты менен Куран оку.
5. Жакында биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз.
6. Албетте, түндө уктап туруу – абдан оор
7. Анткени сенин күнүң түйшүккө толо.
8. Ошол үчүн Эгеңдин ысмын эстеп, Ага умтул !
9. Ал – Чыгыштын да, Батыштын да Эгеси. Чындыгында Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө Колдоочу деп бил.
10. Алардын сөзүн сабырдуулук менен ук жана алардан жакшынакай кайтып кет.
11. Жалганчы дөөлөт ээлерин Мага койуп, аларга бир аз мөөнөт бер.
12. Анткени Биздин астыбызда алар үчүн кишендер, Тозок оту,
13. тыгылуучу тамактар жана жан чыдагыс азап бар!
14. Ошол Күнү жер, тоолор титиреп, тоолор кумдуу дөңсөөлөргө айланат.
15. Фараонго элчи жибергендей эле, Биз силерге каршы күбөлүк болуучу пайгамбарды жибердик.
16. Фараон элчиге мойун сунбагандыктан, Биз аны катуу чапчуу менен алдык .
17. Эгер силер каапырдыктын ичинде жашасаңар , анда өспүрүмдү картайтып койуучу ал Күндөн өзүңөрдү кантип сактап кала аласыңар?
18. Ал Күнү асмандар жарылып, Алланын убадасы аткарылат.
19. Анткени ал – эскертүү. Ошол үчүн ким кааласа Эгесинин жолуна умтулат.
20. Чындыгында сен түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыраагында, же жарымында, же үчтөн бир бөлүгүндө туруп намаз окуп өткөрөрүңдү сенин Эгең билип турат. Сени менен чогуу жүргөндөр да билет. Алла түндү да, күндү да тактап өлчөп койгон. Алла силер муну эске албасыңарды да билет жана ошол үчүн силерди кечирет. Курандан кайсыны окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула. Ал силердин араңарда оорулуулар болорун, бирөөлөрү Алланын ырайымын издеп жерлерди кыдырарын, ошондой эле дагы бири Алла жолунда күрөшөрүн билет. Ошондуктан Курандан кайсыл жеңил болсо ошону окугула. Намаздарды өз убактыларында окугула, зекетти бергиле. Алла үчүн чын жүрөктөн көркөмдүү карыз бергиле. Эмне берген болсоңор, андан да жакшыраагын жана чоңураак сыйлыкты Алланын алдында табасыңар. Алладан кечирим сурагыла. Албетте, Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү.