Музкол

Википедия дан

Музкол – Чыгыш Памирдеги кырка тоо, Тажикстанда. Мургаб дарыясынан түндүктө, дээрлик кеңдик багытта 110 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 6233 м (Советтик офицерлер чокусу). Негизинен метаморфизмделген сланец, акиташ теги жана кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Эң бийик бөлүгүнө аска-зоокалуу тоо-мөңгүлүү рельеф мүнөздүү. Таштак, аска-зоокалуу, корумдуу, тик капталдуу, мөңгүлүү бийик тоо ландшафты үстөмдүк кылат. Этектерин бийик тоо суук чөлү ээлейт; анда суйдаң криофил өсүмдүктөр өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]