Музоо баш
Көрүнүш
Музоо баш (Solifugae) — муунак буттуулар тибинин жөргөмүш сымалдар классындагы түркүм. Дене узундугу 7 смге жетет. Узун түкчөлөр менен капталган бозомук сары денеси баш көкүрөк жана он муунактуу курсак — опистомдон турат. Баш көкүрөгүндө көздөрү, түрдүү кызмат аткарган 6 жуп буту бар. Музоо баш айрым жыныстуу, жумуртка тууп көбөйөт, метоморфозсуз өөрчүйт. Алардын 10 тукуму, 600дөй түрү кездешет. Жер шарынын Австралиядан башка өлкөлөрүнүн тропик, субтропиктеринде жана мелүүн алкактарында учурайт. КМШнын Европа бөлүгүндө, Казакстанда, Борбордук Азияда 70тен ашуун түрү тараган. Көбүнчө чөл, кургак талаа жана тоодо жашайт. Жырткыч, түрдүү омурткасыздар менен азыктанат, уусуз, көбү азыгын түнкүсүн издейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7