Музыкалык коомдор
Көрүнүш
Музыкалык коомдор - адис музыканттардын жана ышкыбоздордун музыкалык көркөм өнөрүн үйрөнүү, изилдөө жана таратуу максатын көздөгөн бирикмелери, шериктештиктери.
Музыкалык коомдордун эл аралык, улуттук, региондук ж. б. түрлөрү кезигет. Музыкалык коомдордун эң алгачкы түрү Италиядагы академиялар, Германиядагы музыкалык коллегиямдар болгон. Бүгүнкү күндө «Азыркы музыканын эл аралык коому», «Музыка фольклорунун эл аралык кеңеши» ж. б. бар. Көпчүлүк коомдор ЮНЕСКОнун Эл аралык музыкалык коомунун курамына кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.