Музыкалык мектеп (Токтогул шаарчасы)

Википедия дан

Музыкалык мектеп 1968-ж. уюшулуп, анда кыргыз эл аспаптар бөлүмү (комуз), орус эл аспаптар бөлүмү (баян) жана фортепиано класстары ачылган.

Мектепти алгач А. Морозов, кийин А. Оморов (1975-82) жетектешкен. Учурда комуз, баян, фортепиано, үйлөмө аспаптар, фольклор, акындык өнөрчүлүк боюнча класстар бар.

Мектептин тарбиялануучулары Ош телестудиясы уюштурган “Сармерден”, эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондусу өткөргөн “Жаш талант”, “Манас -1000” фестивалдарында баш байгелерди жеңип алышкан.

“Арча бешик” ыр-хор ансамбли (хормейстери А. Жумалиев) республикалык балдардын музыкалык мектептер аралык кароосунда жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Учурда мектепти А. Расылканова жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5