Мазмунга өтүү

Музыкалык чыгарманын түзүлүшү

Википедия — ачык энциклопедия

Музыкалык чыгарманын түзүлүшү (формасы) (грек. morpha, лат. forma - түс, сырткы көрүнүш, кейип, кооздук) -

1. Музыкалык чыгарманын түзүлүш түрлөрүнө сонаталык түзүлүш, фуга, канон ж. б. кирет. Музыкалык чыгарманын түзүлүшү кээ бир учурда музыкалык чыгарманын жанры менен төп келет (мис., концерт, месса ж. б.)- Татаал түзүлүштөгү музыкалык чыгарманын бөлүмдөрүнүн жайгаштырылышы да адатта Музыкалык чыгарманын түзүлүшү деп аталат.

2. Чыгарманын мазмунун музыкалык көркөм каражаттардын (ладдын, гармониянын, өлчөмдүн, тембрдин ж. б.) жардамы менен чагылдырууну ишке ашыруу. Музыкалык чыгарманын түзүлүшү ар бир чыгарманын добуштук түзүлүшүн айгинелеп турат, ар бири өз алдынчалыкка ээ.

3. Музыкалык чыгарманын түзүлүшүн үйрөнгөн, изилдеген окуу тармагынын, илимдин аталышы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.