Мазмунга өтүү

Музыка жана "Манас"

Википедия — ачык энциклопедия

Музыка жана «Манас». Кыргыз элинин улуу эпосунун өзгөчөлүктөрүнүн бири-анын жалпы турпатында поэтикалык жана музыкалык башаттардын айкалышып турганында. «Манас” — баатырдык-музыкалык эпос. Анын ыр курулушу, ырлардын ыргагы кенже эпостордукунан айырмаланат. «Манастын» ырлары көпчүлүк варианттарда 7—8 муундан түзүлгөн ыр тизмектеринен турат. Ошондой болсо да «Манасты» башка эпостордон айырмалап турган өзгөчөлүк — ырды үн созуп айтууга караганда зор күч, ички сезим, мимиканы кеңири пайдаланып аткарууга ылайыкташкандыгы. Андыктан, эпосту аткарган манасчылар — төкмө акын, ойчул философ гана эмес, обондун кыраатын келтире аткарган музыканттар да. Эпостун музыкасынын көркөмдүк маңызы чексиз кырааттарга (интонацияларга) бай речитатив кылкасында. Эпостун поэтикалык тексти, андагы ой, сезим толкундары музыка, обон-ыргактар менен коштолуп, толукталып, көркөмдүүлүгү, таасирдүүлүгү күчөтүлүп турат. Бул болсо оозеки жашап келген эпостун, жалпы эле кыргыз элинин көркөм өнөрүнүн чыгармачылык шартында бирден-бир маанилүү жагдай болгон. Эпостун мазмунун угуучуларга тез жетишине, көпчүлүктүн эсинде бекем сакталып калышына, аткаруучунун эргип, анын эсиндеги окуя-образдардын, ыр саптарынын тизмектелип, өзүнөн өзү «оозго келип» турушуна эпостогу мына ушул музыкалык башат зор таяныч болуп берет. Эпоско таандык бул өнөрдүн көркөмдүк таасири манасчынын аткаруучулук жөндөмүнө, музыкалык талантына, анын добушунун ыргактуулугуна түздөн-түз байланыштуу десек жаңылыштык болбойт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча белгилүү манасчылардан Сагымбайдын аткаруу манерасы, речитативди келтирген кырааты салмактуу келип, эмоциялык толкундарды бир кылка кармап, угуучуларга күчтүү таасир калтырчу экен. Молдобасан болсо негизинен «Семетей» менен «Сейтекти» көп аткарып, анын речитативин мукам кайрыктар менен боёктоп, обондуу ырга жакындатып аткаруучу экен. Кийинки манасчылардан музыкалык байлыкты төгүп бергени, ар бир сөздү абдан кырааттап, айтылып жаткан окуяга жараша, андагы каармандын эмоциялык абалына жараша обон созгондугу, речитативинин сезимдик ыргактарга байлыгы жагынан Саякбай өзгөчө орунда турат. Азыркы манасчылардан Каба Атабек уулу менен Шаабай Азиз уулу «Манас» айтканда аткарган музыкалык кыраатынын өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бири ыргакты кенен алып, ритмди керип таштап айтса, экинчиси ыргактагы айрым үндөргө, өзгөчө акыркы муунга басым (акцент) коюп, улам барган сайын добушту бийиктете чайкап айтат. Жаш аткаруучулардын арасынан музыкалык кыраатка атайылап көңүл бургандары анча байкалбайт. Тек гана «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин «Манастан» үзүндүнү негизинен илгерки урма аспаптарды колдонуп, музыкалык коштоо менен көркөмдөп аткарган көңүлдү бурат. Музыка өнөрүнүн башка тармактары үчүн «Манас» эпосу адабияттык, музыкалык жана идеялык-көркөмдүк башат, ошондой эле улуттук көркөм ойдун жана образдардын түгөнбөс булагы болуп келе жатат. Эпосту адабияттык башат кылып алып, «Семетей» бөлүгүнүн сюжетинин негизинде Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөмбаев, К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либреттосун, «Манас» бөлүгүнүн негизинде Токомбаев, К. Маликов «Манас» операсынын либреттосун, ал эми композиторлор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере бул эки операнын музыкасын жазышкан. 1939-ж. кыргыз музыка маданиятында алгачкы улуттук опера «Айчүрөк», 1946-ж. «Манас» операсы (экинчи редакциясы 1966-ж.). пайда болду. Эпостун негизинде жаралган жана Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында коюлган Ж. Садыковдун баатырдык үч драмасына композитор К. Молдобасанов атайын музыка жазган, алар төмөнкүлөр: «Манастын уулу Семетей» жана анын музыкасынан топтолгон сюита» (1983), «Сейтек» жана анын музыкасынан топтолгон сюита» (1987), «Айкөл Манас» (1990). Ошондой эле «Манас менен Алмамбет» спектаклине (1944) жазган М. Раухвергердин (А. Куттубаев менен бирге), «Улуу эпос» дарек фильмине жазган Т. Эрматовдун музыкасы жана М. Бегалиевдин Ош өзбек музыкалык драма театрында коюлган «Манастын уулу Семетей» (либреттосу Ж. Садыков) музыкалык драмасы (1986) да бар. Кыргыз музыкасында «Манас» эпосунун речитативи обон-ыргактык булак катары пайдаланылган чыгармалар да бир топ. Эпостун обон-ыргактары алардын кай бирлеринде идеялык-көркөмдүк символ катары да колдонулган. Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылып алынган «Манас» күүлөр (« Алмамбеттин арманы», « Алмамбеттин жомогу», «Семетей күү», «Каныкейдин арманы», «Жол талаш» жана башкалар) буга далил. Ошондой эле В. Власовдун «Кыргыз увертюрасы» (1936), В. Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы (1946), Э. Жумабаевдин «Эпикалык симфониясы» (1974), М. Бегалиевдин «Бала кез кайрыктар» симфониялык сүрөттөмөсү (1985), «Майрам шаңы» увертюрасы (1985), А. Жээнбаевдин «Чоң кербез» аттуу фортепианолук күүсү (1970) жана башкалар чыгармаларда да эпостун обон-ыргактары кеңири пайдаланылган. «Манас» эпосу идеялык-көркөмдүк башат катары жана андагы обон-кайрыктарды же накта үзүндүлөрдү партитурасына камтыган чыгармалар да бар: К. Молдобасановдун «Манастын ордосунда» аттуу симфониялык сүрөттөмөсү (1978), М. Бегалиевдин «Манас» симфониясы (1990), Б. Н. Глуховдун «Бабам Манас жөнүндө баллада» аттуу хор үчүн поэмасы (1974) жана башкалар «Манас» эпосу жана анын обону улуттук музыка маданияты үчүн соолбос булак болуп калды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4