Музыка угуу

Википедия дан

Музыка угуу - музыкалык үндөрдү (добуштарды) кабыл алуу аларды эске сактап калуу менен өздөштүрүү жөндөмү. Музыкалык эске тутуунун абсалюттук жана салыштырма сыяктуу эки түрү бар. Абсалюттук эске тутууга жөндөмдүүлөрүн кандай гана үн бийик болбосун, аларды так, таза эч өзгөрүүсүз өзүндөй аткарып бере алышат. Ал эми салыштырма эске тутууга жөндөмдүүлөр, үндөрдү кабыл алуу жана аткарып берүүдө үндөрдүн ыргактарын жайгаштырууда бир аз чектелишет. Музыкалык эске тутуу музыкалык ишмердүүлүк башкача айтканда ырдоо, музыкалык аспапта ойноо, чыгарма жаратуу аркылуу өнүгөт. Балдардын эске тутуу сезимин калыптандырууда өзгөчө мектептеги нота боюнча аспаптын коштоосусуз ырдоо, диктант жазуу, шар окуу, тааныш обонду нотасыз аспапка салып ойноо сыяктуу иш-чаралардын мааниси зор.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004