Мазмунга өтүү

Муз-төр

Википедия — ачык энциклопедия
Муз-төр
Мүнөздөмө
Узундугу

46 км

Бассейндин аянты

153 км²

 · Координаттары
 · Координаттары
Жайгашкан орду
Өлкө

 Кыргызстан

Район

Ат-Башы району

Муз-төр – Ат-Башы районундагы суу. Узундугу 46 км, алабынын аянты 153 км2. Торугарт кырка тоосунун түндүккапталындагы мөңгүлөрдөн башталып, тар төр менен агат; ортонку жана төмөнкү бөлүгүнүн нугу кенен тартып, Жаманты суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 0,2–0,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июль–августта, азы ноябрь–декабрда байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]