Муз каптоо доорлору
Муз каптоо доорлору – Жердин геол. тарыхындагы климат өтө суук болуп, материктик муздар уюл кеңдиктерин гана эмес мелүүн кеңдиктерди да каптаган мезгилдер. Муз каптоолор протерозой заманынын башталышында Түндүк Америка; рифейдин аяк ченинде Австралия, Африка; карбондун акыры менен пермдин башында Гондвана материгинде жүргөн. Антропоген мезгилинде Евразия, Түндүк Америка муздун алдында калган. Антарктидада муз азыркыдан 300 м калың болгон. Кургактыктын 30%ин муз каптаган. Ал Скандинавия жарым аралынан баштап орус түздүгүнө, андан ары Днепр менен Дондун өрөөндөрүнө, Днепропетровск менен Харьковдун талааларына жеткен. Чыгыш тарапта Жаңы-Жер аралынан башталып, Обь суусун муз бөгөп, суу Торгой аркылуу Арал деңизине куйган. Германия, Польша, Улуу Британия, Памир, Теңир-Тоо, Алтай, Кавказ тоолору музмөңгүлөрдүн астында калган. Эң акыркы, 4жолку Валдай Муз каптоо доорлору мындан 10–11 миң жыл мурда жүргөн. Муз эрип кеткенден кийин сүрүлүп жылмаланган, чиймеленген жумуру кой таштар, узатасынан созулуп жаткан жалдар, быткылдуу кокту-колоттор, «кой маңдай таштар», «тармал аскалар» калган. Антропоген мезгилиндеги муз каптоолор так, толук изилденип, муз каптоо теориясы иштелип чыккан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7