Мукамбетов, Мухтар

Википедия дан

Мукамбетов Мухтар (1937-ж. т., Түп району, Түп айылы) — сүрөтчү, живописчи-графикачы. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992).
1960-ж. Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын, 1968-ж. Ленинграддагы И. Е. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтун бүткөн.
1968- жылдан Бишкектеги С. А. Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайында окутуучу.
Мукамбетов кыргыз искусствосунда тарыхый жана ар кандай жанрдагы картиналардын, портреттердин автору катары белгилүү.
Анын белгилүү картиналары: «Чоң Чүй каналынын курулушунда, энтузиасттар», «Кыйын жылдар», «Иваницинанын жетекчилиги менен түзүлгөн Бишкектеги аялдар бөлүмү», «Ачык күн», «Кечинде», «Куруучулар бригадири», «Жүзүм менен натюрморт», «Түштүктүк кыз» жана башка.
Ал көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.