Мазмунга өтүү

Мулла Кыргыз медресеси

Википедия — ачык энциклопедия
Мулла Кыргыз медресеси

Мулла Кыргыз медресесиНаманган шаарында жайгашкан, ХХ кылымга таандык архитектуралык эстелик. Медресенин курулуш иштери 1910-жылы башталып, 1912-жылы аяктаган. Кыска мөөнөттө курулуп бүткөрүлгөн бул кереметтүү имарат өз ичине 41 кужраны жана 3 күмбөздү камтыйт. Акыркы жылдары Мулла Кыргыз медресеси шаардык кол өнөрчүлөрдүн борборлорунун бири болуп келет. Медреседе элдик кол өнөрчүлүктүн 10го жакын түрү боюнча усталар буюмдарды жасап, ар кандай көргөзмөлөргө катышып келишет. Медресенин тышкы жана айланасындагы аянттары жакынкы жылдарда кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Медресенин тарыхы жергиликтүү уста Мулла Кыргыз (Мулла Бозор Охунд) деген кишинин ысымы менен байланыштуу. Мулла Бозор Охунд фикх, хадис, адабият жана башка илимдерди мыкты өздөштүргөн ири илимпоз болгон, ал XVII кылымдын биринчи жарымында жашап, эмгектенген. Бухарадагы медреседе окуп, даанышман аалым Мирзо Бахадыр Бухарийден билим алган. Андан ир-шад катын — пирдин жарлыгын алгандан кийин Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнө саякаттаган. Ал диний жана дүйнөлүк билимдерди өздөштүрүү менен бирге, жаш кезинен тарта курулуш иштеринин сырларын да үйрөнгөн. Архитектор Исматулло Охунддан классикалык архитектуралык стилдерди терең өздөштүрүп, курган имараттарында колдонуп келген.

Баяндамаларда (Б. Рўзинов, С. Ражабов) жазылгандай, Мулла Кыргыз медресесинин курулушунда колдонулган тик бурчтуу кыштарды Мирзо Дадабой жана Тошболтавой усталар даярдашкан. Ал эми медресенин пештагында колдонулган кош кындуу плиткаларды (кашындарды) Мулла Мамасиддик, Абдурахман, Абдукаххор жана Мамадали аттуу кулалдар медресенин короосунда атайын меш куруп, ошол меште бышырып даярдашкан.

Курулуш стили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медресе шаардын борборунда курулган. Имараттын планы тегиз эмес, беш бурчтуу формада болуп, кужралар менен курчалган. Бул форма медресе курулган жердин шартынан улам тандалган. Курулуш иштеринде байыркы Орто Азия архитектурасынын салттарына негизделип, бышкан кыштан арка стилинде колдонулган. Арка стилиндеги кыш терүү ыкмасы беш бурчтук формада иштелгендиги жана имараттын пештагындагы кош кындуу плиткалардын назиктиги менен башка стилдерден айырмаланып турат.

Медресенин башкы көрүнүшү эки кабаттуу кылып курулган. Пештагында: "Карам (жоомарт) адамдардын кайрымдуулугунан башка эч нерсе түбөлүккө калбайт" деген маанидеги сөздөр жазылып калган. Анын каптал жагына болсо: "Уста Мулла Кыргыз Иброхимбой архитектордун уулу, Мулла Кыргыз Машраббой соодагердин уулу" деп, медресени курдурган кишинин жана анын архитекторунун аты-жөнү жазылып калган.

Пештактын бети жана ички бөлүгү ганчсыз абалда терилген, сыркорлук (сырдалган) стилинде жасалган. Бул стиль Фергана өрөөнүнүн эстеликтерине мүнөздүү болуп, ак, көк, ачык көк, сары, кара көк жана ачык жашыл түстөрдөгү плиткалардан турат.

Медресенин короосуна киргенде, оң жакта курулуш стили, тышкы жана ички көрүнүшү көңүл бурууга татыктуу болгон мечит жана күмбөздүү дарс бөлмөсү жайгашканын көрүүгө болот. Мечит менен дарс бөлмөсүнүн үстүнө чоң күмбөздөр бири-бирине туташтырылып курулган. Кепелер эки кабаттуу, аларга жетиштүү жарык түшүп турушу үчүн хашталдар (жарык кирүүчү тешиктер) колдонулган. Короодо мунара бар.

Башкы фасаддын архитектурасында кужралардын көркүн ачып турган мехраб сымал аркалар (михрабий равоқ) көзгө урунат. Мулла Кыргыз жараткан медресе салттуулугу менен эмес, тескерисинче, пландоосунун жана чечиминин өзгөчөлүгү менен көңүл бурууга татыктуу[1][2].

  1. OʻzME. Birinchi jild. Toshkent, 2000-yil
  2. O'zbekiston ziyoratgohlari va qadamjolari:Andijon va Namangan viloyati (2-kitob). 2014.