Мунафикун сүрөсү
Jump to navigation
Jump to search
- 63-сүрө
== Мунафикун сүрөсү ==
- Мединада түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Эгер сага эки жүздүүлөр келип: “Сен Алланын элчиси экениңе ишенебиз”, – дешсе, сенин Анын элчиси экениңди Алла билет жана Алла акыйкатта эки жүздүүлөр[2] жалганчы экендигине күбөлүк берет.
- 2. Алар өздөрүнүн убада-анттарын калкан (өңдүү) кылып алышкан жана (адамдарды) Алланын жолунан тосушту. Акыйкатта алардын кылган иштери өтө жаман!
- 3. Анткени алар (адегенде) ыйман келтиришкен, андан соң кайра каапыр болушту. Бул себептүү жүрөктөрүнө мөөр басылды, (андыктан) алар түшүнө алышпайт.
- 4. Сен аларды көргөн кезиңде алардын (сырткы) келбети таңдандырат. Ал эми алар сүйлөсө кунт койуп угасың, (бирок) – алар кудум жөлөп койулган устун сыйактуу; ар бир катуу үндү өздөрүнө душмандык жасагандай эсептешет. Алар – сенин душмандарың, андыктан алардан кооптонуп – сак болгун. Аларга Алланын каргышы болсун! Алар кантип артка кетенчиктейт[3].
- 5. Аларга: “Келгиле! Алланын Элчиси силер үчүн кечирим сурасын”, – деп айтылганда, алар баштарын чайкашат[4] жана жүз үйрүшүп, текеберленгендерин көрөсүң.
- 6. Сен алардын күнөөсү үчүн кечирим сурайсыңбы, же кечирим сурабайсыңбы баары бир, Алла аларды такыр кечирбейт. Анткени, Алла бузуку коомду туура жолго баштабайт.
- 7. Алар, мына минтип айтышат: “Алланын элчисинин жанындагыларга[5] жардам-кайыр бербегиле, ошентсеңер[6] алар тарап кетишсин.” Негизинен Асмандар менен жердин казыналары бир гана Алланын колунда, бирок эки жүздүүлөр муну түшүнүшпөйт.
- 8. Алар: “Эгер биз шаарга кайра кайтып барсак, анда алдуу-күчтүүлөр алсыздарды ал жерден айдап чыгат”, – деп айтышат.[7] Негизи, ызат-урмат Аллага, Анын пайгамбары жана момундарга гана.[8] Бирок, эки жүздүүлөр аны билишпейт.
- 9. Эй, ыйман келтиргендер! Силердин мал-мүлкүңөр жана балдарыңар Алланы эскерүүдөн силерди алаксытып койбосун. (Ал эми) ким ошондой[9] кылса, ал зыйанга[10] учурайт.
- 10. Биз силерге берген ырыскылардан силердин бириңерге өлүм келгенге чейин сарптап калгыла! Ошондо ал: “Эгем, эгер менин өмүрүмдү бир аз узартсаң мен кайрымдуулук иштерди көп кылып, жакшылардан болор элем”, – дейт.
- 11. Бирок, Алла тирүү жанга өлүм маалы жеткен кезде эч качан аны кечиктирбейт. Алла силердин эмне кылганыңардын баарысын билип турат.