Мундузбаев Алтымыш

Википедия дан

Мундузбаев Алтымыш (1935, Ничкесай айылы - 1985, Узункыр айылы) - комузчу, төкмө акын.

Ал айылдан-айыл аралап, төкмөлөп ырдоону, комуз чертүүнү, залкар шайырлар: Токтогул, Эшманбет, Нурмолдо, Жеңижок ж. б. ырларын, алар жөнүндөгү эл оозундагы кеп-келечтерин жыйноону, жазып алууну адатка айлантат.

1949-ж. кеч күздө акын Корголду издеп, Токтогулдун борбору Акчий-Карасууга келет. Төкмө акынга, Бекназар куудулга базарда калың элдин арасында отурган жерден жолугат. Алтымышты Корголго жездеси Шалаңбай тааныштырат. Ошондо Коргол күмүш жаак өрүк комузун таңшыта чалып, Алтымыштын атасынын чечендигин, мыкты тегирменчилигин эскере ырга кошуп, “Кандай ырдаар экенсиң, калайык кошо сындачы” - деп собол таштайт. Ошондо Алтымыш “Ача жаак, кайкы тил, акылга дыйкан, ырга бай акын атам аманбы” - деп саламдашып ырдайт. Коргол Токтогул, Эшмамбет, Жеңижок, Курман, Нурмолдо, Жолой, Бекназарды ырдап келип: “Сары алтын ырга үйрөтүп, сан-жыра кепке карк кылам” - деп, убадасын берет.

Ошентип,1949-жылдан 1961-жылга чейин Алтымыш Коргол менен ата-баладай бирге жүрөт. Ал устатынан “Дүйнө”, “Токтонаалы Молдону кошкону”, “Кади ырчыга”, “Актан балама”, “Карылык”, “Кепич жоголгондо”, “Жолугушуу” аттуу ж. б. ырларын жазып алат. Бул мурастар 1993-ж. жарык көргөн “Коргол” аттуу жыйнакка басылат. М. Корголдон Токтогулдун, Ниязаалынын, Айдараалынын ж.б. кол ойнотуп чертилген “Kapa өзгөй”, “Кер толгоо”, “Кыз ойготоор шыңгырама”ж.б. күүлөрдү үйрөнөт. Ал күүлөрдү авторлордун түп нускасынын алыстабай кайрыктарына кайрык кошуп, көркөмдөп, тереңдетип черткен. Анын “Корголго жолугушуу” алым-сабагы, “Арсланбап”, “Ала-Тоо”, “Жеткинчектер”, “Нуруң менен” деген ырлары “Эл ырчылары” аттуу 1981-ж. жарык көргөн жыйнакка басылган. М. Жеңижоктун, Корголдун, Эшмамбеттин, Нурмолдонун ж.б. акындардын ырларын калк арасынан жыйноодо бараандуу салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5