Мазмунга өтүү

Мурадил Джумадилде уулу

Википедия — ачык энциклопедия
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда. Өчүрүү сунушу төмөнкү себеп боюнча киргизилген:
Энциклопедиялык мааниге ээ эмес персона, Энциклопедиялык маанини камтыбаган барак.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.
Мурадил Джумадилде уулу
Туулган датасы:

29-март 1985-жылы

Туулган жери:

Чүй облусу, Панфилов району

Жарандыгы:

Кыргыз Республикасы 🇰🇬

Билими:

Ноттингем Трент университети (Улуу Британия) 🇬🇧

Улуту:

Кыргыз

Ишмердүүлүгү:

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы

Мурадил Джумадилде уулу – Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы, саясий жана коомдук ишмер.

Мурадил Джумадилде уулу 1985-жылы 29-мартта Чүй областынын Панфилов районунун Эркин-Сай айылында туулган. Кичинесинен билимге умтулуп, китеп менен дос болуп, мектеп партасынан баштап лидерлик жөндөмү, уюштуруучулугу менен айырмаланып турган.

Чүй облустук мектеп-гимназиясын аяктаган соң, 2000-2001-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин алдындагы политехникалык колледжине тапшырат. 2001-2006-жылдарда К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин социалдык-саясий илимдер факультинде билим алып, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери адистигин алып чыгат. Андан соң 2006-2007-жылдарда Малайзиянын Эл аралык Ислам Университети (Малайзия өлкөсү) Чет тилдер жана университеттин академиялык өнүгүү борбору факультине тапшырып, окуусун Малайзия өлкөсүндө улантат. 2006-2008-жылдары алыскы Малайзиянын Эл аралык Ислам Университетинин менеджмент башкармалагында Куала-Лумпур, Малайзияда билим алып, 2008 – 2009- жылдары Улуу Британиядагы Ноттингем Трент университетинин Ишкердик башкаруу магистри багыты боюнча билим алган. Илим-билимдин терең жолундагы талбас эмгек,  күжүрмөн мээнет менен 2011-2014 жылдары У.А. Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун Жер алдындагы пайдалуу кендерди иштетүү адистигинде (сырттан окуу) билим алат. 2011-2012-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу факультетинин Юриспруденция багытын аяктаган.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Учурда 2024-жылдын 15-февралынан азыркы мезгилге чейин Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы болуп иштейт.
  • 2023-жылы июнь – “Алтынкен” ЖЧК биргелешкен ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү.
  • 2022-жылы июль – “Авелиум Партнер” ЖЧК биргелешкен ишканасында кеңешчи.
  • 2020-жылы – «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы кеңешчи.
  • 2018-июнь 2020-жылдарда – «Кыргызалтын» ААК Башкармалыктын мүчөсү, Башкармалыктын төрагасынын экономика, финансы жана инвестициялар боюнча орун басары.
  • 2018 - ноябрь 2018-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин бөлүмүндө  бөлүмдүн башчысы.
  • 2016 октябрь 2017-жылдарда – «Кыргызтелеком» ААК Башкармалыктын мүчөсү, Вице-президент – административдик директор.
  • 2015-2016 - жылдарда – Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун Төрагасынын орун басары.
  • 2012-2015-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин бөлүм башчысы.
  • 2012-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттигинин Маалыматтык камсыздоо сектордун башчысы.
  • 2012-2012-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттигинде Кадрдык персонал жана иш кагаздары боюнча бөлүм башчысы. 
  • 2010-2011-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинде Министрдин жардамчысы.
  • 2010-2013-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Бизнес жана менеджмент магистрдик программалар институту факультетинде окутуучу.
  • 2009-2010-жылдарда – “Market Intelligence” коомдук фондунда Социологиялык, саясий жана маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча фонддун төрагасы.
  • 2009-2010-жылдарда – “БизМастер” жоопкерчилиги чектелген коомунда чет өлкөдө окутуу, котормо кызматтары жана эл аралык соода боюнча башкы директор. 
  • 2008-2009-жылдарда – XEPA – SOUL PATTIRSON Sdn. Bhd. эл аралык компаниясында (Малайзия), Эл аралык маркетинг департаменти эл аралык рынокто фармацевтикалык препараттар менен соода жүргүзүүдө Стажер – группанын жетекчиси. 
  • 2008-2008-жылдарда – BURSA MALAYSIA BERHAD (Фондулук биржасы) (Малайзия)
  • Баалуу кагаздар рыногунун башкармалыгы баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү боюнча Стажер.
  • 2006-2007-жылдарда – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Мамлекеттик кызмат жана философия факультетинде окутуучу.
  • 2005-2006-жылдарда – Бишкек шаарынын мэриясында уюштуруу бөлүмүндө адис
  • 2004-2006-жылдарда – «Кыргызстан Жаштар Клубу» коомдук бирикмеси жаштарды өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышууга активдештирүү боюнча координациялык борбордун катчысы.
  • 2004-жылдарда – «Кыргызстан Жаштар Клубу» коомдук бирикмесинде жаштарды өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышууга активдештирүүдө Координатор.

Ал эми коомдук ишмердүүлүгүнө учкай токтолсок; «Эркин муун» жаштар уюмдарынын альянсынын жана Эл аралык республикалык институттун демократиялык процесстерге жаштардын жарандык катышуусу багытындагы республикалык билим берүү долбоорунун тренери. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңештин мүчөсү. “Эркин муун” жаштар уюмдарынын альянсынын теңтөрагасы.

Жеке саясий технолог, шайлоочулар менен иштөө боюнча адис.

Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы.
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы.
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын "Ардак Белги" төш белгиси.
  • «Кыргызстандын профсоюздары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн» Кыргызстан профсоюздар федерациясынын  Ардак төш белгиси.
  • Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин "Каарман" төш белгиси.