Мураталиев, Тентимиш

Википедия дан

Мураталиев Тентимиш (1950-ж. т., Жумгал району, Чаек айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993), доцент, профессор.
1969-ж, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1974-ж. Ташкент мамлекеттик консервагориясын бүткөн.
1974-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, 1980—83-ж. институттун маданият агартуу факультетинин деканы, 1983—86- ж. эл аспаптар кафедрасынын башчысы, вокал-оркестр факультетинин деканы болуп иштеген.
1986-жылдан М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, ошол эле убакта 1995-жылдан Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын эл аспаптар кафедрасын жетектейт. Обончулар М. Рыскулбеков, А. Атабаевдин ырлары, ошондой эле өзү ойногон аспабы үчүн ондогон обон, күүлөрдү иштеп чыккан. Ондогон илимий-методикалык макалаларды, "Комуз үчүн программа", "Сольфеджио" (А. Исраилова менен) окуу китебинин автору. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Республикалык конкурстардын лауреаты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.