Салиха Муратова

Википедия дан
Муратова Салиха‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1952-жылы 5-декабрда Өзгөрүш айылында туулган. Кулунду орто мектебин 1969-жылы бүтүрүп, 1971-1976-жылдары Ош мамлекеттик институнун биялогия факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз Улуттук Университетинин юуридикалык факультетин бүтүргөн. Мугалим, комсомолдук, партиялык кызматчы, мектеп директору болуп 1969-1987-жылга чейин эмгектенген. 1987-1992-жылдар эл депутаттарынын Лейлек райондук Кенешинин аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, 1992-1999-жылдары Лейлек райондун Кенешинин апарат жетекчиси, иш башкаруучусу, жооптуу катчысы болуп иштеген. 1999-2001-жылдары Исфана айыл Өкмөтүнүн башчысы, төрайымы болуп шайланган. 2001-жылдан райондук Кеңешинин төрөагасынын орун басары.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муратов С.Р.СССР эл агартуусунун Ардак грамотасы, Манастын 1000 жылдыгына карата “МАНАС-1000” эстелик медалы менен сыйланган, райондук Кенештин 4 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, бир баласы бар. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Громатасы менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек,2004-жыл.