Мурзакматов Мукай Усупович
Мурзакматов Мукай Усупович (14. 7. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Шапак айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2007), профессор (2010), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2000). Пржевальск педагогика институтун (1961), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1972) бүтүргөн. Ак-Суу районунда мугалим (1961–64), Пржевальск педагогика институтунда окутуучу (1964–69), Бүткүл союздук мелиорациялык системаларды комплекстик автоматташтыруу боюнча ИИИде улук илимий кызматкер (1972–81), Кыргыз кыз-келиндер педагогика интунда, ФПИ, Кыргыз архитектура-курулуш институтунда (1981–94), 1994-жылдан Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кафедра башчысы. Гидрогеомеханика боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинен 1 монография, ЖОЖ үчүн 3 окуу китеби жана 20 методикалык колдонмосу жарык көргөн. Эмгектери: Жогорку математика. Каракол, 2001; Оптималдоо методдору. Каракол, 2008.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7