Мурзакматов Нурболот Сапарбекович

Википедия дан

Мурзакматов Нурболот Сапарбекович (15. 1. 1961-ж. туулган, Нарын шаары) - юрист, жетекчи кызматкер, запастагы капитан.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн (1987).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1986-94-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, ЖетиӨгүз райондорунда прокурордун жардамчысы, Ысык-Көл облусунун жазык, сот көзөмөлү бөлүмүнүн прокурору, Каракол шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.
  • 1994-98-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында - мыйзам чыгаруу, сот бийлиги менен иштөө боюнча, коргоо жана укук коргоо органдарынын маселелери боюнча бөлүмүнүн жарандык жана мунапыс берүү маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, юридикалык бөлүмдүн сот органдары боюнча секторунун жооптуу катчысы болуп иштейт.
  • 1998-99-жылдары мамлекеттик мүлк фондусунун юридикалык бөлүм башчысы, 2000-04-жылдары Жеке юридикалык компанияда(«СДВЗ» ЖЧК, ЛЕСТ) коопсуздук кызматтын начальниги, юрист.
  • 2004-07-жылдары жеке менчик Финансыюридикалык компаниясында башкы директордун орун басары, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде юридикалык бөлүмдүн начальниги, учурда Военно-Антоновка айыл округунун башчысы болуп иштеп келет.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9