Мазмунга өтүү
Мурсалат сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. Элүү айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Удаа-удаа жиберилген шамалдарга ант!
- 2. Катуу бороондорго ант!
- 3. Чар тарапка жайылтуучуларга ант!
- 4. Даана ажыратып берүүчүлөргө ант!
- 5. Эскертмени алып келүүчүлөргө ант!
- 6. Себеп менен коркутуп эскертүүнү.
- 7. Силерге убада кылынган нерселер жакында сөзсүз болот:
- 8. Жылдыздар караңгылап өчкөн кезде;
- 9. Асман жарылган кезде;
- 10. Тоолор чаң-тозоңго айланган кезде;
- 11. Пайгамбарларга мөөнөт так белгиленген кезде.
- 12. Анда (дагы) качанга чейин узартылмак?!
- 13. Ажырап-бөлүнүү күнүнө чейин.
- 14. Сен бөлүнүү күнү эмне экенин билесиңби?
- 15. Жалган дегендерге[2] – ал Күнү азап болсун!
- 16. Биз (силерден) мурункуларды да жок кылган эмес белек?!
- 17. Анан, алардан кийинкилерин да[3] жок кылбадыкпы?
- 18. Биз күнөөкөрлөрдү мына ушундай кылабыз.
- 19. Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
- 20. Биз силерди көрүмсүз начар суудан жаратпадыкпы?!
- 21. Аны[4] (сууну) Биз ишеничтүү орунга (жатынга) жайгаштырдык,
- 22. белгилүү бир убакытка чейин.
- 23. Биз мөөнөттү белгилейбиз жана Биз мөөнөт белгилөөчүлөрдүн эң кудуреттүүсүбүз.
- 24. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 25. Биз Жерди топтоочу орун кылбадыкпы
- 26. Тирүүлөрдү жана өлүктөрдү.
- 27. Анын (үстүнө) Биз бийик тоолорду жайгаштырдык жана силерге таттуу сууну ичирдик.
- 28. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 29. өзүңөр жалган дегениңерге барып көргүлөчү!
- 30. /ч бөлүк болуп түтүндөгөн көлөкөгө баргыла,
- 31. алар көлөкө да кылбайт жана (тозоктогу) жалындан да коргой албайт.
- 32. (Ал) үйдөй-үйдөй чоң учкундарды чачыратат,
- 33. сары түстүү төөлөр өңдүү.
- 34. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 35. Алар ал Күндө ооз ачып сүйлөй албайт.
- 36. Аларга сүйлөөгө да уруксат берилбейт.
- 37. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 38. Бул “бөлүнүү” күнү, Биз силерди жана силерден мурункуларды да топтодук.
- 39. Эгер силердин – айла-амалыңар болсо, анда Мага айлаңарды көрсөткүлө.
- 40. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 41. Акыйкатта такыбалар көлөкөлөрдө[5] жана булактарда болушат,
- 42. каалаган мөмө-жемиштердин арасында болушат,
- 43. кылган амалыңар үчүн. Куттуу болсун, жегиле, ичкиле!
- 44. Биз жакшы иш жасагандарды мына ушинтип сыйлайбыз.
- 45. Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
- 46. Бир аз жеп, ичип пайдаланып тургула. Албетте, силер күнөөлүүсүңөр.
- 47. Жалган дегендерге – ал Күнү азап болсун!
- 48. “Кудайга жүгүнгүлө”, – деп айтылганда алар жүгүнө алышпайт.
- 49. Жалган дегендерге – ал Күндө азап болсун!
- 50. Алар андан[6] соң башка дагы кайсы сөзгө ишенишет?!
-