Мусабаев Турдубек

Википедия дан

Мусабаев Турдубек 1949-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

  • 1966-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
  • 1971-жылы, Ош айыл чарба техникумунун агроном адистигин аяктаган.
  • 1971-1975-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик окуу жайында мастер,
  • 1975-1990-жылдары Ош областтык адилет башкармалыгында сот аткаруучу,
  • 1990-жылдан Ош шаардык салык кызматында инспектор, сектор башчы, бөлүм башчы кызматтарын аркалап эмгектенип келүүдө.
  • Билимин өркүндөтүү максатында 1980-1984-жылдары Ош педагогикалык институтун,
  • 1990-1992-жылдары Фрунзе финансы- кредит техникумун сырттан окуп бүтүргөн.
  • 1988- жылы СССР Юстиция кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитетинин “Ардак грамотасы”,
  • 2007-жылы “Салык кызматынын 3-рангадагы кеңешчиси”,
  • 2009-жылы “Салык кызматынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
  • 2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланып, Президент Алмазбек Атамбаевтин өз колунан алууга татыктуу болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3