Тешебай Мусаев

Википедия дан
Мусаев, Тешебай‎»‎ барагынан багытталды)

Мусаев Тешебай (10. 1. 1894, азыркы Ош облусу, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак кыштагы – 17. 1. 1990, ошол эле жер) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). 1932-жылы Кара-Суу районундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу, 1945-жылдан дыйканчылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Ал башкарган бригада 1950-жылы 310 га жердеги пахтанын ар гектарынан 45,6 цден түшүм алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.