Мусаев Кожош

Википедия дан

Мусаев Кожош - акын жана жазуучу. Тянь-Шань районунун Жерге-Тал айылдык Кеңешине караштуу Кара-Талаа айылында 1950-жылы 1-августта туулган. 1965-жылы Нарын шаарындагы № 1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин аяктап, эмгек жолун шаардагы сүт заводунда, көркөмдөө жетекчилиги кызматынан баштаган.

1969–1974-жж. Фрунзедеги политехникалык институттун Архитектура-курулуш факультетинде окуган.

1975-жылдан Ак-Талаа райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы инженери, 1976–1979-жж. Нарындагы №12, 13 техникалык лицейлерде атайын сабактар боюнча окутуучу, директордун орун басары, директор, 1981–1983-жж. Алжир Эл Республикасында техникалык лицейдин окутуучусу, 1984–1985-жж. Нарындагы облустук капиталдык курулуш башкармасында башкы экономист, шаардык Аткаруу комитетинде кызматкер, 1985-жылы Макмал алтын Кен комбинатынын курулушуна катышып, иш сапатын аныктоо өндүрүштүк бөлүмүнүн начальниги, 1985–1986-жж. Бишкек политехникалык институтунун архитектуралык курулуш факультетинин окутуучусу, 1990–1991-жж. тышкы экономикалык байланыштар комитетинде, дүйнөлүк базар конъюнктурасын изилдөө бөлүмүнүн начальниги, 1991–1999-жж. «Кыргыз-Жапан» коомунун президенти болуп иштеп келген.

«Педагогикалык билим берүү университетин», Республикалык билим коомунан «Чечендикти чеберчиликти арттыруу университетин», «Ылдамдатылган жапан тилин үйрөнүү курсун», «Ташкент университетинин араб тилинин атайын курсун» аяктап, билимин өркүндөткөн.

1992–1993-жж. № 68, № 71 мектептерде араб, жапан тилдерин окуткан.

«Араб тили» 2-3-бөлүк, «Жапан тили» китептеринин автору.

Анын ыр менен берилген «Кожоштун Кут билими» чыгармасы 36400 саптан турат.

2003-жылы «Манас сүрөт дүйнөсүндө» деген ат менен жасалган жыгач айкелдерди Кыргыз мамлекеттик тарых музейине бекер тартууланган.

Ал «Улуу кыргыз империясынын тарыхы» жана «Улуу кыргыз-кыпчак империясынын тарыхы» аттуу тарыхый китептердин жана техникалык багытта 12 илимий эмгектин автору.

1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын Терминологиялык комиссиясынын архитектура жана курулуш тармагы боюнча мүчөсү болуп эмгектенип келген.

«Теңири ордо» фондусунун Бакай кеңешинин чечими менен «Эл Куту – даанышман» деген ардактуу наам ыйгарылган. «Бүткүл Союздук жаштар фестивалынын лауреаты», «Техникалык билим берүүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» болгон. «Манас – 1000», «Ганновер Экспо – 2000» медалдарынын ээси.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Араб тили II. – Б.: Мектеп, 1992. – 75 б.

Араб тили III. – Б.: Мектеп, 1992. – 106 б.

Жапан тили. – Б.: Мектеп, 1993. – 115 б.

Ыр дүйнөм. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 208 б.

Кожоштун Кут билими. I том. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 859 б.

Кожоштун Кут билими. II том. – Б.: Бийиктик, 2002. – 448 б.

Акыл берметтери. – Б.: Кыргызстан, 2002. – 172 б.

Таң шооласы. – Б.: Бийиктик, 2002. – 104 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

История великой кыргызской империи. – Б.: Кыргызстан,1999. – 184 с.

История великой кыргыз – кыпчакской империи. – Б.: Бийиктик, 2002. – 580 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]