Мутаффифин сүрөсү
- 83-сүрө
Мутаффифин сүрөсү (1) Таразадан алдагандар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 36 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!
- 2. Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы…
- 3. Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.
- 4. Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?
- 5. Улуу Күн - Кыяматта!
- 6. Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!
- 7. Жок! Бузукулардын амал китептери "Сижжийнде" экени анык!
- 8. (О, Мухаммад!) сен "Сижжийн" эмне экенин билбейсиң! (2)
- 9. Ал - жазылган китеп
- 10. Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!
- 11. Алар сурак күндү жалган дегендер.
- 12. Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер "жалган" дешет
- 13. Аларга Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде "(бул) байыркылардын жөө жомогу" дешет
- 14. Жок, тескерисинче, жасаган күнөө иштери жүрөктөрүн ороп алган (3)
- 15. Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат. (4)
- 16. Андан соң, алар тозокко ташталышат.
- 17. Кийин аларга: "Силер аны "жалган" деген нерсе (тозок) ушул!-деп айтылат.
- 18. Чынында, жакшы пенделердин китептери (5) "Иллийюнда".
- 19. (О, Мухаммад!) Сен "Иллийюн" эмне экенин билбейсиң (6)
- 20. (Ал) - жазылган китеп.
- 21. Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.
- 22. Жакшы (ыймандуу) пенделер "Наим" (деп аталган) бейиштерде.
- 23. Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
- 24. Сен алардын жүздөрүнөн "Наим" бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.
- 25. Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.
- 26. Ал шараптын сактагычы - "миск" (7). Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!
- 27. Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы "таснимден"
- 28. (Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.
- 29. Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.
- 30. (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп , шылдыңдашкан.
- 31. Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.
- 32. Эгер аларды көрүп калса, "Булар - адашкандар" деп айтышкан.
- 33. Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго!
- 34. Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт
- 35. (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат.
- 36. Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!