Муунчул-басымчыл ыр түзүлүшү

Википедия дан
Муунчул-басымчыл ыр түзүлүшү,‎»‎ барагынан багытталды)

Муунчул-басымчыл ыр түзүлүшү, силлабикалык-тоникалык ыр түзүлүшү – ыр саптарындагы муун сандарынын бирдейлигине жана басымдын санына жана саптагы жайгашуусуна негизделген ыр системасы. К. Карасаев: “кыргыздын ырларында муундардын саны жана басымдардын саны бир өлчөмдө болот. Бир түрмөк ырдын саптарындагы муундардын саны дайым бирдей болот жана ал саптардагы басымдардын саны да, орундары да бир түрдүү болот. Бул жагынан алганда кыргыздын ырларынын түзүлүшү муун-басымга негизделген сыяктуу” – дейт. Мындай пикирге караганда кыргыз ыры Муун-басымды ырлар т-нө кирүүгө тийиш, бирок изилдөөчү мында биздин тилде басымдын, сөздүн маанисин өзгөртүүчү касиетке ээ эмес экендигин эске албаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004