Мухаммад сүрөсү

Википедия дан

47-сүрө «Мухаммед»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мединада түшүрүлгөн. Отуз сегиз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Каапыр болуп, Алланын жолунан тоскондордун амалдарын текке кетирет[1].
  • 2. Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Мухаммедге Эгеси тарабынан чындык менен түшүрүлгөнгө ыйман келтиргендердин жамандыктарын (күнөөлөрүн) Алла жоюп, акыбалын оңдойт.
  • 3. Буга себеп: Каршы болгондор[2] керексиз нерсени ээрчишкени. Ал эми ыйман келтиргендер Эгесинен келген Акыйкаттын жолуна түшүшкөндүктөрү. Алла ушундай кылып адам баласына өз мисалдарын келтирет.
  • 4. Согушта[3] каапырлар менен силер бетме-бет келсеңер, алар толук жеңилүүгө учураганга чейин мойнуларына чапкыла! Ошондо аларды кишендеп, же ырайым кылгыла, же болбосо согуш бүтмөйүнчө (кайра өздөрүнө) акы алып тапшыргыла[4]. Эгер Алла кааласа алардын үстүнөн[5] жеңишке жетишмек. Бирок кээ бирөөңөрдү башка бирөөңөр аркылуу сыноо үчүн[6]. Алла жолунда курман болгондордун амалдарын (Эгеңер) жоготпойт[7].
  • 5. Аларды[8] туура жолго салып, абалдарын жакшыртат.
  • 6. Аларды өздөрүнө кабарлаган[9] Бейишке киргизет.
  • 7. Эй, ыймандуулар! Эгер силер Аллага жардам берсеңер, Ал[10] да силерге жардам берет жана силердин кадамыңарды бекем кылат[11].
  • 8. Каапырларды болсо кыйроо күтүп турат жана алардын амалдарын текке кетирет[12].
  • 9. Буга себеп: Алар (каапырлар) Алланын жибергенин жек көрүшкөндүктөрүндө! Ошондуктан Ал алардын амалдарын текке кетирди.
  • 10.Алардан мурдагылардын[13] акыбети кандай болгонун[14] жер кыдырып көрүшпөйбү? Алла аларды талкалады, башка каапырлар да дал ошондой кыйратылат!
  • 11.Анткени, Алла Өзүнө ыйман келтиргендердин[15] Ээси. Ал эми каапырлардын Ээси[16] жок.
  • 12.Чындыгында Алла ыйман келтиргендерди жана жакшы иштерди кылгандарды астынан дарыйалар агып турган Бактарга[17] киргизет. Каапырлар болсо айбандар сыйактуу эле жешип гана ырахаттанат[18], алардын жайы – Тозок.
  • 13.Сени кууп чыккан шаардан мыкты канчалаган шаарлар болгон[19]. Бирок Биз аларды кыйраттык. Аларга эч ким жардам бере албады.
  • 14.Ким Өз Эгесинен анык айандарга жана далилдерге ээ болсо, ал – жаман иштери кооздолуп көрсөтүлүп коюлган жана напсисин ээрчиген адамга окшомок беле?
  • 15.Такыбаларга убада кылынган Бейиштин көрүнүшү мындай: Анда эч бузулбай[20] турган өзөн-суулар, даамы өзгөрбөй турган сүттөн бүткөн дарыйалар, ичүүчүлөргө таттуу болгон суусундуктар, таза балдан бүткөн дарыйалар жана бардык мөмө-жемиштер, ошондой эле Эгеси тараптан кечирим (бар). Тозокто түбөлүккө калып, кайнак суу ичирилип, ичегилери кесилгендерди алар[21] менен окшоштурууга болобу?
  • 16.Алардын арасынан сага кулак салгандар да бар. Бирок сенин алдыңдан чыгып кетишкен кезде (алар) илимдүүлөрдөн: «Азыр эмнени айтты?» – деп сурашат. Мына ушулар жүрөктөрүнө Алла мөөр баскан[22] жана өз напсисин ээрчигендер.
  • 17.(Алла) туура жолдогулардын тууралыктарын арттырып, аларга такыбалык берет.
  • 18.Алар (каапырлар) Кыйамат Күнүнүн капилет келишин күтүп жатышабы? Анын белгилери келди. Кыйамат келгенде эскертүү алуунун канчалык кажети бар?
  • 19.Билгин: Чындыгында, Алладан башка кудай жок! Өзүңдүн күнөөлөрүңдүн, момун эркектердин жана момун айалдардын (күнөөлөрүнүн) кечирилишин сура. Алла силердин жумушчу ордуңарды да, тыныгуучу ордуңарды да билет.
  • 20.Ыйман келтиргендер: “(Дагы) бир сүрө[23] түшсө”, – дешет. Өкүмү бар сүрө түшүп, анда күрөш[24] тууралуу эскерилсе, жүрөгүндө оорусу барлар өлүмдөн корккон көз караш менен сага караганын көрөсүң. Эң жакшысы – угуп, ага баш ийүү эле[25].
  • 21.(Алар үчүн) баш ийүү[26] менен жакшы сөз (пайдалуураак). Маселе толук чечилген соң[27], Аллага чынчыл болсо, ал алардын өздөрү үчүн жакшы болмок.
  • 22.Эгер (күрөшкө) кирип, анан артыңарга кайтсаңар, анда силер жер жүзүндө бузукулукту таратып, бир туугандык байланыштарды[28] үзөсүңөрбү?
  • 23.Аларды Алла каргап, дүлөй жана сокур кылып салгандар.
  • 24.Эмне үчүн алар Куран тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары[29] (барбы?)
  • 25.Чындыгында, туура жол айкын болгон соң, (күрөштөн) артка кайткандарды шайтан азгырып, жалган элестер менен алдады.
  • 26.Анткени алар Алланын түшүргөнүн жек көргөндөргө[30]: “Силерге кээ бир маселелерде баш ийебиз”, – дешкен. Алла алардын сырларын билет.
  • 27.Периштелер алардын[31] беттерине жана жондоруна уруп, жандарын алса кандай болот?
  • 28.Бул (азап) чынында, алар Алланын каарын келтирүүчү нерселерди ээрчип, Ал[32] ыраазы болгон нерселерди жек көргөндүктөрү үчүн (берилди), ошондуктан алардын амалдарын (Алла) текке кетирет.
  • 29.Же жүрөктөрүндө дарты барлар, Алла алардын кара ниеттигин жарыкка чыгарбайт деп ойлошобу?
  • 30.Эгер Биз кааласак эки жүздүүлөрдү сага көрсөтөөр элек, анда сен аларды маңдайындагы белгилеринен таанымаксың. Ошондой эле аларды сөзүнүн добуш-үндөрүнөн билмексиң. Алла алардын амалдарын[33] билет.
  • 31.Биз силердин араңардагы аракетчилдер[34] менен сабырдууларды жана силердин амалыңарды аныктоо үчүн, албетте, сыноодон өткөрөбүз.
  • 32.Жүз үйрүп[35], Алланын жолунан[36] тоскондор жана өздөрүнө Туура Жол белгилүү болгондон кийин пайгамбар менен талашкандар Аллага эч качан зыйан келтире алышпайт. Алла алардын иштерин[37] текке кетирет.
  • 33.Эй, ыйман келтиргендер! Аллага моюн сунгула жана элчиге баш ийгиле. Амалдарыңарды жараксыз кылбагыла.[38]
  • 34.Чындыгында (Алланын аяттарын) танышып[39], Алланын жолунан[40] тоскондор каапыр абалда дүйнөдөн өтсө, Алла аларды эч качан кечирбейт.
  • 35.Ошондуктан алсырабагыла[41], келишимге чакырбагыла[42], силер (акыры) үстөмдүк кыласыңар! Алла силер менен бирге. Силердин амалыңарды текке кетирбейт.
  • 36.Чындыгында, дүйнө жашоосу – оюн жана эрмек гана. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор (Алла) силердин сыйлыгыңарды берет. Силердин мал-мүлкүңөрдү сурабайт.
  • 37.Эгер Ал силерден сурай турган болсо, анда оор тийип, сараңдык кылмаксыңар. Ал силердин сырыңарды[43] ачыкка чыгарып[44] кылып коймок.
  • 38.Мына, силер Алланын жолунда сарптоого[45] чакырылуудасыңар. Ал эми кээ бирөөлөр (баары бир) сараңдык кылат. Кимде-ким сараңдык кылса, өзүнө гана сараңдык кылат. Анткени Алла – Бай, силер – кедейсиңер. Эгер Алладан жүз үйрүсөңөр, анда ордуңарга силерден башка элди алмаштырып койот. Ал эми алар силер сыйактуу (сараң) болбойт!
  • [1] Алла Таала текке кетирет, жокко чыгарат
  • [2] Ислам динине каршы болгон каапырлар
  • [3] Ыйык согушта
  • [4] Өткөрүп бергиле
  • [5] мусулмандар сөзсүз
  • [6] ыйманыңардын күчүн сыноо үчүн силерди Алла баары бир согуштурат
  • [7] Сооптору текке кетпейт
  • [8] Алла Таала
  • [9] Алла Таала кабарлаган
  • [10] Алла Таала
  • [11] Күч-кубаттуу, душмандарыңарга караганда күчтүү кылып койот
  • [12] Алла Таала текке кетирет
  • [13] ата-бабаларынын, мурдагы каапырлардын
  • [14] Каапыр шаарлар, элдер, коомдор, адамдар кыйратылганын
  • [15] ишенгендердин
  • [16] Колдоочусу
  • [17] Бейиштерге
  • [18] Айбандардын да эң чоң ырахаты – жеп-ичүү болгондой, каапырлардын да бул дүйнөдө жеп-ичкенден башканы билишпейт. Акырет тууралуу ойлонуп да койушпайт.
  • [19] тарыхта
  • [20] айныбай турган
  • [21] Жогоруда аталып, ыймандуу болгону үчүн Алланын Бейиштеги сыйына ээ болгондор
  • [22] Так, (мөөр) баскан
  • [23] Исламдын алгачкы жалдарында каапырлар менен күрөшүүгө буйруган мындай айат түшө элек болчу
  • [24] Алла жолунда Ислам дини үчүн күрөш
  • [25] Бирок алар аны аткарган жок
  • [26] Алланын буйруктарына
  • [27] Күрөш тууралуу өкүм чыккан соң
  • [28] мамилелерди
  • [29] Чындыкты кабыл ала албас кылып жабылып калганбы?
  • [30] Каапырлар менен мушриктерге
  • [31] Эки жүздүүлөрдүн
  • [32] Алла Таала
  • [33] иштерин
  • [34] каармандарды
  • [35] Алладан, Курандан, Чындыктан
  • [36] башкаларды
  • [37] аракеттерин
  • [38] Текке кетирбегиле
  • [39] Алладан, Курандан, Чындыктан…
  • [40] башкаларды
  • [41] алсырап, артка чегинбегие, сабыр кылгыла, күрөштү Алладан жеңиш келгенге чейин туруктуулук менен уланткыла
  • [42] жеңилүүдөн коркуп кетип, каапырларды тынчтык келишимин түзүүгө жана согушту токтотууга үндөбөгүлө
  • [43] Байлыкты жаныңардай катуу сүйгөн сараң жагыңарды
  • [44] ашкере
  • [45] Кайрымдуулук кылууга