Мазмунга өтүү

Мухаммед хан шейбани

Википедия — ачык энциклопедия

Мухаммед хан шейбани, Абу ал-Фатх Мухаммад, Шахи Бек Өзбек, Шайбак, Шахбахт, Мухаммед Шейбани (1451–1510) – Абулхайр хандын небереси, Шахбудаг султандын уулу, Шейбаниддер (Шейбани – Мухаммед хандын адабий псевдоними) династиясынын негиздөөчүсү, Мавераннахрдын бийлөөчүсү (1503–10). Атасы Юнус хандын буйругу менен 1468-жылы дарга асылган. Жакын туугандары (Атабек Уйгур Хан, эмир Карачин Бек) аны Астрахандагы Касым ханга качырган. Кийин Султан Ахмед (Султан Абу Саид мырзанын уулу) мырзанын нөкөрү (тагыраак айтканда анын нөкөрү Мир Абдалали тархандын нөкөрү) болуп кызмат кылып жүрүп, Ташкенттин жанында салгылашууда аны сатып, Моголстандын ханы Махмуд хан (Юнус хандын уулу) тарапка өткөн. Мындай кызматы үчүн Махмуд хан ага Түркстан шаарын берген. Күчтөнө баштаганда Тимуриддердин тагына ээ болуу ниети менен Бабурдун карындашына үйлөнгөн. 1500-жылы Самарканд шаарын курчоого алып, Бабурдун аскерин эки жолу талкалаган. Бабур адегенде Бадахшанга, андан ары Кабулга качкан. Самарканд менен Бухараны караткандан кийин (1503), Махмуд хан менен араздашып, аны туткунга түшүрүп, Ферганадан баш тартууга аргасыз кылып коё берген.1505-жылы Хорезмге каршы аттанып, 10 айлык курчоодон кийин Үргөнч шаарын караткан, бирок Хорезмди ала албай артка кайткан. 1507-жылы Гератка жүрүш жасап, Хорасандын бийлөөчүсү, Тимурдун О. Азиядагы акыркы тукуму Хусейн Байкара уюштурган Тимуриддердин бириккен колун талкалаган. Борбордук Азияда ага тең келер күч калбай калганына көзү жеткен Мухаммед хан шейбани шаары өзүн бардык сүннөттөрдүн башчысы деп жарыялаган. Мындан кийин Иранды (Персия) басып алуу үчүн шылтоо кылып, Исмаил шахты (Исмаил I Сефевид) шииттен баш тартып, сүннөткө өтүүгө чакырган. 1510-жылы Мургаб дарыясынын жээгинде Исмаил шахтын аскери менен болгон салгылашууда Мухаммед хан Шейбанинин колу талкаланып, өзү оор жаракат алгандан кийин бир дыйкандын үйүндө көз жумган. Исмаил шах анын саман толтурулган баш терисин түрк султаны Баязет IIге тартуулап, баш сөөгүнөн шарап иче турган идиш жасаткан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]