Мыйзамдуу ишкердик иш-аракетине тоскоолдук
Көрүнүш
Мыйзамдуу ишкердик иш-аракетине тоскоолдук – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык иш чөйрөсүндө жасалган кылмыштар. Ал төмөнкүчө аныкталат: а) жеке ишкердик кылуучуну же коммерциялык уюмду каттоодон мыйзамсыз баштартуу же четтөө; б) белгилүү бир ишмердикти жасоого атайын улуксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баштартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө; в) жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун укуктары менен мыйзамдуу таламдарын алардын уюштуруу-укуктук же менчигинин түрүнө жараша чектөө, ошого тете эле алардын өзалдынчалуулугун чектөө, же болбосо жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун ишине мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде мындай жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу аркылуу жасалса.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7