Мыйзамсыз радиоуктуруу
Көрүнүш
Мыйзамсыз радиоуктуруу – эларалык мамилелердин туруктуулугуна кол салган эларалык мүнөздөгү кылмыш. М. р. үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 1965-жылкы электр байланыштар конвенциясында, БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында, улуттук аймактардан сырткары жайгашкан станциядан берүүлөр жөнүндө алдынала кабарландыруу тууралу 1965-жылкы Европалык келишимде ж. б. белгиленген. Бул келишимдердин катышуучусу болгон мамлекеттер өздөрүнө башка чектеш өлкөлөрдүн калкынын кабылдоосуна арналган мыйзамсыз радиоуктуруулар же телекөрсөтүүлөр үчүн айыптуу кишилерди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга милдеттенме алышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7