Мыйзам чыгаруу демилгеси
Көрүнүш
Мыйзам чыгаруу демилгеси – мыйзам чыгаруу ишинин биринчи баскычы, белгиленген эрежелерге ылайык, мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу мекемесине ырасмий киргизүү. Өзүнүн артынан тийиштүү мыйзам чыгаруу органынын ал мыйзам долбоорун өз жыйынында кароо милдетин жаратат. КР Конституциясына ылайык КРде М. ч. д. укугунун субъектиси төмөнкүлөр: 30 миң шайлоочу ( элдик демилге ); КР Президенти; КР ЖК депутаттары; КР Өкмөтү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7