Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович

Википедия дан
Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович
Туулган жылы: 1978-жылы 24-апрель
Туулган жери: Ош облусунун Кара-Кулжа району
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Теология факультети
Илимий даражасы : саясий илимдеринин кандидаты, теология илимдеринин доктору (PhD), доцент
Илимий наамы: (PhD) доцент

Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович 1999-жылы ОшМУнун теология факультетин бүтүргөн. 1999-2001-жылы Туркия Республикасынын Анкара Университети Социалдык Илимдер Институтунда магистратураны аяктап магистр даражасын алган. 2006-жылы Сирияда араб тили институтунун угуучусу, 2001-2008-жылдары Анкара университетинде Ислам Укугу боюнча докторантураны бүтүргөн. 2005-2007-жылдары Туркиядагы Мармара Университетинин «эл аралык мамилелер бөлүмүндө» 2005-2007- магистратура даражасына ээ болгон. 2009-жылдан баштап ОшМУнун теология факультетинде «Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасында» окутуучу жана 2010-жылдары ага окутуучу болуп эмгектенген. 2010- жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинде окутуучу болуп иштеген. 2011-жылы саясий илимдер боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 2013-жылдын сентябрь айынан баштап ОшМУнун теология факультетинде декан болуп эмгектенип келүүдө. Факультеттин материалдык техникалык базасын мезгилдин талабына ылайык көтөрүүдө жана билим берүүнүн сапатын жогорлотууда ийгиликтерди жарата алды. ОшМУнун анын ичинде теология факультетинин коом менен иш алып бааруудагы жетишкендиктери да аз эмес. Мисалы, имамдардын курсун, мамлекеттик кызматкерлер үчүн семинарларды уюштуруу, эксперттик кызматтар, жана студенттер тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун мечиттеринде жума намазын уюштуруу. ОшМУнун Түркия мамлекети менен мамилелеринде да жетишкендиктер байкалууда. Туркия Диянет Фонду, ТИКА кызматташтык агентствосу, Мевлана студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба алмашуу программасы, Туркия өкмөтүнүн Түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгы, Университеттер менен жекече түзүлгөн келишимдер жана жергиликтүү бийликтердин жана ошондой эле университеттен тышкаркы проекттеррде демилгечи, консультант жана илимий эксперттик иш чараларды мисал катары айтсак болот.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монография:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Политика Сирии в отношении России на современном этапе. Монография. Издательство LAP LAMBERT Academic Publishing GmbH and Co. - 2011.- 145 с.

Окуу-усулдук колдонмолор:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2. Исламда саясий жана ишенимге байланыштуу агымдар. -Бишкек, 2015. (Т. Козукулов менен авторлош)
  • 3. Мухаммед пайгамбардын дипломатиялык ишмердүүлүгү. -Бишкек, 2015. (Т. Козукулов менен авторлош)

Эл аралык журналдарда (ринц) жарыяланган макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Религиозно-экстремистские организации в центральноазиатских странах (на примере Кыргызстана) . - Молодой ученый - 2016. № 18 (122)/2016
  • 2. Финансирование и члены некоторых экстремистских и террористических групп в Центральной Азии.- Молодой ученый 2016. -№ 19 (122)/2016
  • 3. Сунниты как важнейший блок Сирийской оппозиции (до Сирийской войны).- «Актуальные проблемы гуманитарных и естественных наук» 2016. № 10(93)
  • 4. Курдская оппозиция в политической жизни Сирии до Сирийской войны.- «Актуальные проблемы гуманитарных и естественных наук» 2016. № 10(93)

Журналдарда жарыяланган макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Механизм принятия решений в политике Сирии. - Кыргызско-Российского Славянского Университета. –Бишкек, 2010.
  • 2. Экономика и торговля - главные векторы укрепления взаимоотношений России и Сирии. - Кыргызско-Российского Славянского Университета. –Бишкек, 2011.
  • 3. Национальная безопасность России в контексте внешней политики. - Вестник Ошского Государственного Университета Ош, 2010. №4.
  • 4. Роль экономики и торговли в качестве средства внешней политики России. - Вестник Ошского Государственного Университета Ош, 2010. №4
  • 5. Тынчтыкты орнотуунун фактору катары дин жана мамлекеттин дин саясаты.- Вестник Ошского государственного университета. Ош, 2014 . №3.
  • 6. Коомдо диний баалуулуктарды жайылтууда жаңыча альтернатива катары теология факультеттери. - Вестник Ошского государственного университета. Ош, 2014. №4.
  • 7. Мазхаб түшүнүгү жана Ханафи мазхабынын негизги өзгөчөлүктөрү.- Вестник Кыргызского Государственного университета им. И. Арабаева. Бишкек, 2014. - Спец выпуск
  • 8. Кыргызстандагы диний абал: проблемалар жана чечүүнүн негизги принциптери - Вестник Кыргызского Государственного университета им. И. Арабаева. Бишкек 2014- Спец выпуск
  • 9. Дин жана улуттук баалулуктар - ОшМУнун Теология факультетинин Илимий журналы. Ош, 2015. № 20/21