Мазмунга өтүү

Мырзакматова Анаркан

Википедия — ачык энциклопедия

Мырзакматова Анаркан Уз. 1954-ж. Анжиян облусундагы Фергана районунун Жабагы айылында төрөлгөн.

Анжияндагы мединститутту бүтүрүп, райондо тери оорулары боюнча дарыгер болуп эмгектенет. Уздук нусканы апасы Марифаттан алган. Анаркан уздукту саймачылыктан баштаган. Саймаларында айрыкча туштук, балыш, жаздык сымал буюмдарынын жердигин таардан (кебезден ийрилип согулган бөз), тукабадан, кийизден тандайт да, «кош аяк кеште», «турна канат кеште», «кочкор мүйүз көчөтү», «кош аяк көчөтү», «теке мүйүз көчөтү», «куш канат көчөтү» өңдүүлөрдү «илме дос», «илме сайма», «чалма сайма» аркылуу ичин толтура илип саюу менен жүзөгө ашырат. Ал «ыспыты көчөтүн» түндүктүн жел боосуна, элечек кыргагына, тегирич сымал үлгүлөргө арбын пайдаланат. Уз өрмөкчүлүктүн кара термесин согот. Өзүнүн чеберчилигин сиңдиси Гүлканга жугузган. Ал кийиз буюмдарын да арбын кармайт. Сүрөтү түстүү баттамада.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0