Мырзакулов Саадатбек
Мырзакулов Саадатбек – жазуучу. Кочкор районунун Комсомол айылында 1959-жылы 24-майда туулган. 1977-жылы Комсомол орто мектебин, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Алгач Кыргыз китеп палатасында, 1990-1991-жж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында котормочу, 1992-1993-жж. «Чүй баяны» гезитинде бөлүм башчы, 1993-1997-жж. Мамлекеттик телерадиокомитетинде «Кутмандуу болсун, күнүңөр!» адабий-сатиралык радио журналынын редактору, 1997-жылдан «Кылмыш жана жаза» республикалык саясий-укуктук гезитинин башкы редактору болуп эмгектенип келет.
Алгачкы сатиралык аңгемеси 1990-жылы «Кыргыз маданияты» гезитине жарыяланган.
Алгачкы эки китептен турган детективи «Кара чүмбөт» 1997, 2000-жылы жарык көргөн. Ал сатира, детектив жана мистика жанрларынын үстүндө эмгектенип келет.
2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара чүмбөт: Детектив. 1-2-китеп. – Б., 1997, 2000. - 280 б.
Кара пояс, же жоголгон казына баяны. 1-2-3-китеп. – Б.: Бийиктик, 2003. - 250 б.
Айлакер аял: Сатиралык чыгармалар. – Кант райондук басмаканасы, 2005. - 150 б.
Туткун кыз: Адабий көркөм чыгарма. – Кант райондук басмаканасы, 2006. - 280 б.
Контрабанда: Детектив. - Кант райондук басмаканасы, 2006. - 260 б.
Адашкан дипломат: Детектив. – Кант райондук басмаканасы, 2009. - 300 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6