Мышьяк арсениттери, арсенаттары
Мышьяк арсениттери, арсенаттары – мышьяк окистенүү даражасы +3, +5 болгон мета-, ортоарсенит (HAsO2, H3AsO3) жана ортоарсенат к-таларынын (H3AsO4) туздары. Арсениттер өз алдынча эркин кездешпейт. Кыйыр метод менен алынган щелочтуу металлдар
ж-а аммоний арсениттери гана сууда эришет. Негизинен ортоарсенат көбүрөөк колдонулат. Мышьяк к-тасы үч түрдүү натрий арсенаттарын берет: Na3AsO4, Na2НAsO4, NaH2AsO4, мындан тышкары кальций арсенаты Ca3(AsO4)2 жана арсенити Ca(AsO2)2 белгилүү. Кальций, натрий арсенаттары ак же ачык саргыч күкүмдөр, сууда начар эрийт, туз к-тасында эригичтиги алда канча жогору. Бардык арсенаттар суудагы эритме түрүндө гидролизге дуушар болушуп, щелочтук реакцияны берет. М. а. а-нын дээрлик бардыгы уулуу заттар болгондуктан инсектицид катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6