Мүдүрүм

Википедия дан
Мүдүрүм
Мүнөздөмө
Узундугу 98 км
бассейндин аянты 1 804 км²
Суу агымы
Аягы Ак-Сай айылы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

МүдүрүмИчки Теңир-Тоодогу суу, Ак-Сайдын сол куймасы. Узундугу 98 км, алабынын аянты 1804 км2. Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түндүктү, андан кийин Мүдүрүм өрөөнү менен батышты, Көгарт суусу кошулган дан кийин түштүк-батышты, Балыкты кошулган соң, түштүктү карай агып, Ак-Сайга куят. Мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 12,4 м3/сек, эң чоң чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат. Майда кирип, октябрда тартыла баштайт. Ири куймалары: Балыкты (уздугу 34 км), Акбайтал (20 км), Көксуу (18 км оң), Көгарт (19 км), Тешикчап (17 км), Кеңтөр (16 км; сол). Алабынын аянтынын 13%ин (223,6 км2) мөңгү ээлейт. Жалпы аянты 1,40 км2 болгон 31 майда көл бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]