Мүлктү конфискациялоо
Көрүнүш
Мүлктү конфискациялоо – кошумча жазалардын бири. Мүлктү конфискациялоо – кылмыш жасоодон алынган соттолуучунун менчиги болгон мүлктүн бардыгын же бир бөлүгүн мамлекеттин менчигине акысыз мажбурлап алууну билдирет. Эгер мүлктүн бир бөлүгү конфискацияланса, сот мүлктүн кандай бөлүгү конфискацияларын көрсөтүүгө же конфискацияланган нерселерди тизмелеп берүүгө тийиш. Бирок соттолуучу же анын багуусунда турган адамдар үчүн зарыл нерселер конфискацияланбайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7