Мүлк сүрөсү

Википедия дан
  • Жыйырма тогузунчу бөлүм
  • 67-сүрө

Мүлк сүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Отуз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Колунда Бийлиги барга[2] Аруулук! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
  • 2. (Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал – Ызааттуу, Кечиримдүү!
  • 3. Ал жети кабат асманды как-кат кылып жараткан. Мээримдүүнүн[3] жаратуусунда эч бир иретсиздикти көрө албайсың! Кайра-кайра[4] көз чаптырсаң да кынтык таба албайсың!
  • 4. Дагы да эки мертебе көз салчы: Көз карашың чарчап, кор болуп кайра өзүңө кайтат.
  • 5. Чындыгында, дүйнө асманын чырактар [5]менен кооздодук. Биз ал чырактарды шайтандарды уруучу кылып жараттык. Жана Биз алар[6] үчүн жалындаган азап дайардап койдук.
  • 6. Эгесине каршы чыккандарга[7] – Тозок азабы бар! Алардын бараар жери кандай жаман!
  • 7. Тозокко ыргытылган кезде алар[8] Тозоктун кайнап жаткан үнүн угушат.
  • 8. Ачуусу[9] акыркы чегине жетип, [10]топ-топ кылып ага[11] ыргытылган сайын Тозоктун кайтаруучулары алардан: «Силерге эскертүүчү келбеди беле?!» – деп сурашат.
  • 9. Алар: «Ооба, бизге чындыгында, эскертүүчү келген, бирок биз алардын сөзүн жалганга чыгарып: «Алла эч нерсе түшүргөн эмес. А силер абдан чоң адашуудасыңар, дегенбиз», ­– деп айтышат.
  • 10. «О, эгерде биз алардын сөзүнө кулак салып, акылга келгенибизде, анда биз азыр Тозок ээлеринен болбойт элек!» –дешет.
  • 11. Ошентип алар күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозок ээлери алыс болсун[12]!
  • 12. Кайыптан[13] Эгелеринен корккондорго кечирим жана чоң сыйлык (бар).
  • 13. Сөздөрүңөрдү ачык, же купуйа айтсаңар да, чындыгында, Ал –жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.
  • 14. Алла өзүнүн жараткандарын билбейби?! Ал – Кылдат[14] жана Кабардар.[15]
  • 15. Ал – жерди силерге мойун сундуруп койду. Силер анын[16] чар тарабында басып, Анын ырыскысынан жегиле. Кайтуу[17] – Ага.
  • 16. Жер титиреген кезде Асмандагы[18] силерди жер менен кошо көмкөрүп салса, аман калабыз деп ойлойсуңарбы?
  • 17. Же Асмандагы[19] силердин үстүңөргө таш жөнөтүүсүнөн сестенбейсиңерби? Жакында Менин эскертүүм кандай экендигин[20] билесиңер!
  • 18. Чындыгында, силерден мурдакылар да жалганга чыгарышкан[21]. Эми Менин чануум кандай оор болоор экен?!
  • 19. Үстүлөрүндө катарлашып, канаттарын жайып учкан чымчыктарды көрүшпөдүбү?! Аларды жалгыз гана Мээримдүү кармап турат. Чындыгында Ал бардык нерсени Көрүүчү!
  • 20. Мээримдүүдөн[22] артык силерди жеңишке жеткирүүчү аскер ким[23]? Каапырлар жалаң алданууда! 
  • 21. Ырыскысын тыйып[24] койсо, силерге башка ырыскы берүүчү ким? Жок! Алар[25] балким мойу жоондук кылып, жийиркенип кашайышууда[26].
  • 22. Жүзүн жер каратып баскан туура жолдобу, же туура жолдо[27] түз басканбы?
  • 23. [28]Айткын: «Ал силерди жоктон бар кылып, силерге угуу, көрүү жана туйууну жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар!»
  • 24. [29]Айткын: «Ал силерди жерге таратты, жана Ага[30] чогуласыңар!». 
  • 25. Алар: «Эгер силер чынчыл болсоңор, ал убада[31] качан келет?» – деп айтышат.
  • 26. [32]Айткын: «Албете, аны билүү[33] Аллага гана таандык. Мен бар болгону ачык эскертүүчүмүн».
  • 27. Алар[34] аны жакындан көргөн кезде жүздөрү карарып бузулат жана аларга: «Мына силердин тилегениңер[35]!» – деп айтылат.
  • 28. [36]Айткын: «Силер билесиңерби: Эгер Алла мени жана мени менен бирге болгондорду жок кылса, же бизге ырайым кылса, анда каапырларды оорутуучу азаптан ким куткарат?»
  • 29. Айткын: «Ал – Мээримдүү, биз Ага ыйман келтирдик, Ага гана тобокел кылдык. Жакын арада ким анык адашууда экенин билесиңер!»
  • 30. (Аларга): «Айткылачы, эгерде силердин сууңар куруп калса, ким силерге аккан суу келтирет?» – деп айткын.