Мазмунга өтүү

Мүсүралиев Макенжан Субанович

Википедия — ачык энциклопедия

Мүсүралиев Макенжан Субанович (1954-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Талды-Булак айылы)– медицина илимдерининдоктору (1994), профессор (1995). КММИни (1977), ошол эле жерде клиникалык ординатураны (1979) жана аспирантураны (1982) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, улук илимий кызматкер (1982–92), кафедра башчысы (1992– 2004), КММАнын дипломдон кийинки окутуу борборунун директору (2004–09) болуп иштеген. 2009-жылдан кайрадан кафедра башчысы. Акушерлик жана перинатология, гинекология, бийик тоо медицинасы боюнча адис. Филиппин, АКШ, Венгрия, Германияда клиникалык окутуу курстарына катышкан. 210дон ашык илимий эмгеги, анын ичинен 7 монография, 23 окуу методикалык куралы бар. Эмгектери: Беременность и горы (проблемы адаптации в норме и патологии). Б., 1995; Программы охраны репродуктивного здоровья в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б., 1995; Прогнозирование и пути профилактики перинатальных потерь в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б., 2001.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]