Мөмөлөө мезгилдүүлүгү

Википедия дан

Мөмөлөө мезгилдүүлүгү - мөмө дарагынын маал-маалы менен мөмөлөшү.

Жаш дарак кебүнчө жыл са­йын мөмө байлайт. Ал эми улам эскиргенде жыл өргүп түшүм берет. Агротехника начар жүргүзүлсө, жаш дарак да мезгил-мезгили менен мөмөлөйт. Данектүүлөр менен жер жемиштен мөмө жылыга алышат. Мөмөлөө мезгилдүүлүгү өсүмдүк сортуна, климатка, азыктануу, агротехника шартына байланыштуу болот. Өсүмдүктүн кээ бир сорту жыл сайын (мис., алмашын Славянка, Ре­нет. Кызыл Пепин), кай бири (Анто­новка, Анис ж. б.) жыл аттатып мөмөлөйт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.