Мөмөчүлүк
Мөмөчүлүк – 1) айыл чарбанын мөмө өсүмдүгүн өстүрүүчү тармагы; 2) мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түзүлүшүн, өнүп-өсүү, көбөйүү, түшүм берүү жана башкалар. закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим тармагы. Мөмөчүлүк байыртадан эле белгилүү. Мөмөчүлүк жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Вавилон менен Ассириянын (биздин заманга чейинки 3000 жыл) жазма эстеликтеринде берилгенетикалыкКМШ өлкөлөрүнүн аймагында 2–5 миң жыл илгери эле Борбордук Азия (Согдиана, Фергана өрөөнү), Закавказье (Бактрия, Армения) жана Крымда мөмө өсүмдүктөрү эгилген. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн ичинен уруктуу мөмө өсүмдүктөр (алма, алмурут, бий алма жана башкалар) 71,3%, данектүү мөмө өсүмдүктөр (чие, кайналы, кызыл өрүк, гилас, шабдалы жана башкалар) 22,6%, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөр (грек жаңгагы, бадам, мисте, фундук жана башкалар) 2,5%, жер-жемиштер (кызылгат, дан куурай, барсылдак, карагат жана башкалар) 2,9%, субтропик жана цитрус өсүмдүктөрү (анар, анжыр, курма, апельсин, мандарин, лимон жана башкалар) 0,7%ти түзөт. Борбордук Азия менен Казакстандын Түштүк бөлүгүнө КМШ өлкөлөрүндөгү кургатылган мөмө-жемиштердин (айрыкча кызыл өрүк көп) 72%и туура келет. КМШ өлкөлөрүндө чыгарылып, райондоштурулган мөмө-жемиш өсүмдүк сорттору: алманын Антоновка, Анис, Боровинка, Калвиль, Симиренко Ренети, Шафран пепини, Славянка жана башкалар; алмурут сорттору – Уруксуз, Тонковетка, Ильинка жана башкалар; чие сорттору – Владимир, Жуков, Люба, Гриот, Шубинка жана башкалар; гиластар – Апрелька, Валерий Чкалов, Дрогана, Жабуле жана башкалар; кайналылар – Венгр, Анна Шпет, Альтан Ренклоду, Мирабель жана башкалар; кызыл өрүктөр – кызыл бөйрөк, Амрозия, Шалах жана башкалар. Кыргызстанда алманын Александр апорту, Верный грушовкасы, Ак розмарин, Токтогул, Гареев күздүгү жана башкалар; алмуруттун – Токой мөлмөлү, Кюре; кызыл өрүктүн – Король өрүгү, Арзами; шабдалынын – Эльбурс, Алтын юбилей, Чемпион жана башкалар. Мөмөчүлүктү мындан ары өнүктүрүүдө илимий изилдөөлөр чоң маниге ээ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7