Мөмө багынын сөңгөгүн тазалоо

Википедия дан

Мөмө багынын сөңгөгүн тазалоо - дарактын сөңгөгүн кабыгына уялаган түрдүү зыянкечтерден жыл сайын тазалоо.

Бул иш кабык нымдуу кезинде, күзүндө же жазында аткарылат. Эски Мөмө багынын сөңгөгүн тазалоо үчүн темир кыргыч же тарак колдонулат. Сөңгөктүн алдына бойро же таар жайылат. Ага түшкөн кырынды ж. б. булганыч нерселер чогултулуп, өрттөлөт. Тазаланган сөңгөк аки таш менен акталат. Аки таш зыянкечти жок кылып, өсүмдүк күнгө көп ысыбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.