Мөмө жемиш сактоо

Википедия дан

Мөмө жемиш сактоо - керектүү убакка чейин мөмө, жемиш, жүзүм ж. башкаларды бузбоо ыкмасы.

Мөмөнүн, жемиштин жанa жүзүмдүн дүң түшүмүнүн 60%чесин узак мөөнөткө сактоо камсыз кылынат. Алар көбүнчө төмөнкү температуралуу жайда сакталат. Мөмө жемиш сактоо узактыгы сорттун түрүнө, сапатына, топуракка, агротехникага, бышышына, түшүм жыйноо мезгилине, илдет менен зыянкечке туруктуулугуна жараша ар түрлүү болот. Түшүмдү зыянга учуратпай жыйноо, сорттоо, идпшти таза каралоо, мөмөнү туура жайгаштыруу маанилүү. Сактоочу жай мөмө киргизерден мурда суу жанa аба менен муздатылат.

Муздаткыч жай тазаланып, дезинфекцияланып, желдетилет. Сактагыч салкын болсо, мөмө көпкө бузулбай, зыянкечке, илдетке чыдамдуу келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.