30. Таткыла! Биз силерге тозоктогу азапты улам күчөтө беребиз.
31. Албетте, такыбалар үчүн ийгилик орун,
32. Бак-дарактар жана жүзүмзарлар,
33. Бирдей курактагы үр[6] кыздар,
34. Жана да толтура идиштер (бар).
35. Алар анда пайдасыз жана жалган сөздөрдү угушпайт.
36. Бул сенин Эгең тарабынан аларга берилген мол сыйлык.
37. Асман менен Жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Эгеси,Мээримдүү. Ошондо алар Ага[7] кайрылып сүйлөй алышпайт.
38. Ошол күндө Рух[8] жана (башка) периштелер топ-тобу менен тизилип турушат жана Мээримдүү[9] тарабынан уруксат берилген гана сүйлөй алат, ошондо да чындыкты гана айта алат.
39. Бул – чындык Күн. Ким кааласа, Эгесине, бара турган ордуна кайтат.
40. Акыйкатта Биз силерди жакында болуучу азаптар тууралуу эскерткенбиз! Ошол Күнү ар бир адам өз колу менен жасаганын көрөт. Ал эми каапыр: «Аттиң, топурак болуп кетсемчи!»- деп айтат.