Навакет шаары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Навакет, Навикат-10-12-кылымдарга таандык шаар. Чүй жергесинен табылган. Үйлөр төрт чарчы көлөмдө болуп, бир канча бөлмөдөн турган. Аларда кире бериш(коридор), тамак-аш бышыруучу, жашай турган жана чарбалык маанидеги бөлмөлөр болгондугун табылгалар ырастайт. Дубалдары пакса жана бышырыбаган кыштан тургузулган. Көп мезгилге чейин колдонгондуктан, айрымдары бир нече ирет оңдолуп, дубалы кайрат согулуп, алды экинчи ирет бышкан кирпич менен төшөлгөн. Тамак-аш бышыруучу бөлмөдөн нан жаба турган меш, күлдүн калдыгы, малдын сөөгү, чопо идиштин сыныктары табылган. Жашай турган бөлмөлөрүнөн карапа идиштин сыныктары, чырак, кооздук жана үй тиричиликтерине керектүү буюмдар табылган. Бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө которуп коюуга ыңгайлуу үй жылыта турган очоктор болгон. Алар диний ырым-жырымдарды аткарууга да пайдаланылган. Айрым бөлмөлөрдүн дубалдары алебастр менен шыбалып, геометриялык фигуралар , өсүмдүк жана жаныбарлардын сөлөкөттөрү сымал элементтерден турган оюулар менен кооздолгон.