Надыр пикрит кооз ташы кени
Надыр пикрит кооз ташы кени Баткен облусунун Кадамжай районунда. Айдаркен шаарчасынан 26 км түштүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1968-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында байыркы эффузия жана палеозойдун метаморфизмделген тоотектери кездешет. Кооз таш–пикрит тоотеги «надыр силли» деп аталган эффузия массивинин астынкы бөлүгүндө катмар түрүндө түндүктү карай 80° бурч менен жатат. Кен үч участкага бөлүнүп, аларда катмардын узундугу 800 мге чейин, калыңдыгы 150–200 м. Өңү капкара, ири кристаллдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү, суукка чыдамдуулугу жогору. Блокторго жакшы ажырайт. Пикрит өзгөрүлүп, серпентиндешкен. Натыйжада каралжын минералдары көгүш жашыл түстө кубулжуп турат. Кендеги таштан кооздоп каптоочу такталарды алса болот. Болжол запасы 3 млн м2.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7