Назиат сүрөсү

Википедия дан
  • 79-сүрө

Наазиат [1] Жандарды сууруп алуучу периштелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Кырк алты айаттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1.       (Каапырлардын жанын) катуу сууруп алуучуларга[2] ант!
  • 2.       (Момундардын жанын) жумшак алуучуларга[3] ант!
  • 3.       Буйрукту тез аткарууга (түшкөн периштелерге) ант!
  • 4.       (Момундардын жандарын бейишке) шашылыш алып баруучу (периштелерге) ант!
  • 5.       (Дүйнө иштерин ) теске салуучу (периштелерге) ант!
  • 6.       Тигил күнү силкинүүчү (жер) силкинет.[4]
  • 7.       Аны эрчүүчү ээрчийт[5].
  • 8.       Жүрөктөр ошол күнү коркушат.
  • 9.       Көз караштары кейиштүү,
  • 10. Изибизге кайтар бекенбиз?! – деп айтышат.[6]
  • 11. Сөөктөрүбүз сөпөт болуп кетсе делеби?!
  • 12. Оо, андай болсо бул кайтуу зыйандуу го?! – дешкен.
  • 13. Албетте, ал[7] бир эле үн[8].
  • 14. Ошол эле замат алар[9] бозоргон жер бетинде (болуп калышат).
  • 15. Сага Муса[10] жөнүндө кабар жетти беле?
  • 16. Ыйык “Туваа” өрөөнүндө ага[11] Эгеси үн салды:
  • 17. “Фараонго жөнө! Албетте ал чектен ашты”.
  • 18. Анан да (ага): “Сага тазаланууңа үндөйүнбү?!”-деп айткын.
  • 19. Сени Эгең тарапка багыттайын. Анан сен коркоорсуң.
  • 20. Анан ага (пайгамбарлыктын) улуу белгисин көрсөттү.[12]
  • 21. Ошентип (Фараон Мусаны) жалганчы деп, (Аллага) күнөөкөр болду.
  • 22. Андан соң артына кетип, (бузуктук менен) жүрүш жасайт.
  • 23. (Сыйкырчыларын) жыйнап, жар салды.
  • 24. Анан айтты: “Мен силердин улук Эгеңермин”.
  • 25. Алла аны “акыркы” жана “биринчи” (айткан сөзү үчүн) жазалады[13]. 
  • 26. Албетте мында (Алладан) корккондого үлгү бар.
  • 27. Силерди жаратуу кыйынбы, же куруп койгон асманбы?!
  • 28. Анын[14] шыбын бийик кылып, (кынтыксыз) тегиз кылды.
  • 29. Анын түнүн караңгы кылып, жарыгын да чыгарды.
  • 30. Тигинден кийин[15], анан жерди төшөдү.
  • 31. Жерден суусун жана жайытын пайда кылды,
  • 32. Тоолорду ага[16] бекем орнотту,
  • 33. Силер жана силердин малдарыңар пайдалансын үчүн.
  • 34. Ошентип улук күн келгенде[17],
  • 35. Ошол күнү инсан өткөн жүрүшүн (кылган амалдарын) эсине салат.
  • 36. Көргөн адамга тозок оту ачык кылынат.
  • 37. Ошондо каапыр инсан,
  • 38. (Ал жалган) дүйнөнүн жашоосун тандаган эле.
  • 39. (Анын) бара турган жери – албетте тозок оту.
  • 40. Ал эми Эгесинин алдында туруудан коркуп, көңүлү каалаган нерселерден өзүн тыйган адам,
  • 41. (Анын) бара турган жери – албетте Бейиш.
  • 42. Сенден кыяматтын качан болушу жөнүндө сурашат.
  • 43. Аны эстөө сенден оолак болгон нерсени[18]
  • 44. Сенин Эгеңдин өзүнө гана тиешелүү нерсе (башка эч ким билбейт).
  • 45. Албетте, сен андан корккондорду гана эскертүүчүсүң.
  • 46. Алар аны[19] көргөн күнү кечке жуук, же эрте менен (бир аз) турган сыйактанышат.
  • 1. Жандарды сууруп алуучу периштелер